
Ош шаары үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болот. Ал үчүн суу Өзгөндүн Куршабынан тартылышы керек. Муну «T-Медиага» Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башкы инженери Ормош Осмонов билдирди.
Ал белгилегендей, Өзгөндөн суу тартуу долбоору буга чейин каралган. Анткени Куршабта суунун запасы Ош шаарын үзгүлтүксүз камсыздоого жетиштүү.
Деген менен ал долбоорду ишке ашырууга каржы жетишсиз. Азыр сууну үзгүлтүксүз берүү боюнча өзүнчө долбоор каралып жатат. Экөөнүн айырмалыгын башкы инженер төмөнкүдөй түшүндүрдү.
Ош шаары күнүнө 2210 миң куб суу сарптайт. Калаада расмий 200 миңден ашык калк жашайт.
Оставьте первый комментарий