Ошто эл аралык»түштүк экспо-2018″ жарманке өтүүдө

Ошто «түштүк экспо-2018» деп аталган эл аралык жарманке башталды. Иш-чара 15-17-август күндөрү уланат.

Ишкерлерге шарт түзүп берүү максатында уютурулган жарманкеге Кытай, Өзбекстан жана Тажикстандан келген ири компанияларынын өкүлдөрү катышып жатат. Өндүрүштөрүн жарнамалоо аркылуу ишкерлердин кардар табуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Жарманкенин алкагында кошуна өлкөлөрдөн келген коноктор менен жергиликтүү ишкерлерге эки тараптуу жолугушуу уюштурулат. Алар соода сатык, чек-ара бажысы боюнча адистер менен сүйлөшөт.

» Кытайдан мурун келбеген ири компаниялар жаңы техникалары, жаңы электрондук аппараттарын алып келди. Гансу провинциясынан, Кызыл Суу автономиялык облусунан өкүлдөр, алар менен бирге 6 чоң компаниянын ишкерлери келди», деди Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммаджанов.

Жарманкеге облустун ар бир районунда өндүрүлгөн продукциялар алынып келинген.

Эске салсак, ишкерлерди колдоо максатын көздөгөн жарманке жыл сайын уюштурулуп турат.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*