Фактчекинг: Максим Бакиевдин 60 тыйыны 2 сомго айлангандыгы чынбы?

“Nazar News” сайты ушул жылдын 17-июлунда “ШОК: Максим Бакиевдин 60 тыйыны 2 сомго кантип айланды?” деген маалыматты жазып чыккан.

Анда «тышкы карыз 4 млрдга өстү, сотка байланышына 60 тыйынды алып салган менен ордуна “шаг округления 10 секунд” деген эрежени баардык мобилдик операторлор киргизишти» деп айтылган.

«Шаг округления 10 секунд» эрежеси Кыргызстандагы уюлдук операторлорго чын эле киргизилгенби?

Ооба. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 97 токтому чыккан. Бирок токтом “Nazar News” сайты жазгандай мааниде эмес. Аны алдыда ачыктап бергенге аракет кылабыз.

Өкмөттүн токтомунун №59 пунктуна ылайык, тарифтик бирдиктин өлчөмү 10 секунддан ашпайт жана туташтыруу чеги 3 секунддан кем болбошу керек.

Бирок мыйзамда башка шарттар көрсөтүлбөсө, анда уюлдук оператор тарифтеринде өз алдынча акы төлөө тартибин аныктай алат. Мисалы, кызмат көрсөтүү тарифтери, туташтыруу чеги, кызмат көрсөтүүнүн тарифтик бирдиги жана толук эмес тарифтик бирдиктери үчүн.

Ошондой эле, тарифтик планда анын жарактуулук мөөнөтү жана аймагы жөнүндө маалыматтар да көрсөтүлөт.

Тегеректөө кадамы 10 секунддан ашпоосу керек деген токтомго эмне түрткү болгон?

Тегеректөө кадамы (шаг округления) 10 секунддан ашпашы керек деген ченем кабыл алынганга чейин Кыргызстандагы уюлдук операторлор абоненттеринин сүйлөшүүлөрүн ар кандай кадамда тегеректеп келген. Мисалы, айрым операторлор тегеректөө кадамын 30 секунддан, кээ бирлери 1 мүнөткө чейин эсептешкен.

Дал ушул факторлор себептүү тарифтештирүү кадамын иретке келтирүү максаты келип чыккан. Жыйынтыгында абоненттердин сүйлөшүүсүн тегеректөө кадамы 10 секунддан ашпашы керек деп көрсөтүлгөн.

Демек, өкмөт чын эле тарифтик бирдиктин өлчөмү 10 секунддан ашпоосу керек деген атайын токтом чыгарган жана аны Кыргызстандагы баардык байланыш операторлоруна милдеттендирген.

“Тегеректөө кадамы 10 секунддан ашпоосу” керек дегенди кандай түшүнсө болот?

Мисалы сиз кайсы бир абонентке чалып, аны менен 1 мүнөт 1 секунд сүйлөштүңүз дейли. Анда уюлдук оператор сизди 1 мүнөт 10 секунд сүйлөштү деп эсептейт. Тагыраак айтканда, сүйлөшүү убактыңызды 1 мүнөт 10 секунд деп тегеректеп, эң көбү 9 секунд гана кошо алат.

Ал эми “Nazar News” сайтындагы маалыматта «6-7 секунд сүйлөшсөң 1 минуттун акчасын алат» деп айтылган болчу. Бирок Өкмөттүн токтомуна ылайык, тегеректөө кадамы 10 секундда гана жыйынтыктылат. Канча бир секунддук сүйлөшүү 1 мүнөт деп эсептелиши мүмкүн эмес.

Соңунда түшүнүктүү болушу үчүн дагы бир мисал келтиребиз. Сиз 1 мүнөт 12 секунд сүйлөшсөңүз, анда уюлдук оператор 12 секундга максималдуу 10 секундга чейин гана тегеректей алат. Ошондо сиз 1 мүнөт 20 секунд сүйлөшкөн болуп эсептелесиз.

Мындай тегеректөө кадамын «Мегаком» уюлдук операторунан тастыкташты жана «тарифтик бирдиктин өлчөмү 10 секунд» деп билдиришти.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3485 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо