Электрондук патентке кантип өтсө болот? Инфографикадан көрүңүз

Ош шаарында электрондук патентке 100гө жакын салык төлөөчү өттү. Жаңы формат көпчүлүк ишкерлерге макул келүүдө. 

Азыр салык төлөөчүлөрдүн 80%ы электрондук формат тууралуу биле бербейт. Салык адистери жеке ишкерлерге электрондук патент жөнүндө түшүндүрүп жатат.

Электрондук система салык төлөөчүнүн убактысын үнөмдөйт. Патент кагазын мурдагыдай салык кызматынан эмес, сайттан эле чыгарып алат. Патент төлөмү мурдагыдай эле банк аркылуу жүргүзүлөт.

Электрондук патент жеке ишкерликке (ЧП) жарактуу, ЖЧКларга иштебейт. Жаңы форматка өтүү милдеттүү эмес. Салык төлөөчүлөр патенттерди ыктыярына жараша мурдагыдай кагаз түрүндө же электрондук форматта ала алышат.

Жакында ишке кирген электрондук системада кемчиликтер жок эмес. Патент төлөнгөндүгү жөнүндөгү маалымат ошол замат эмес, эки-үч күндө чыгып, салык төлөөчүлөрдүн шайын кетирүүдө.

«Система жаңыдан ишке ашып жаткандыгына байланыштуу мүчүлүштүктөр бар. Азыр анын үстүнөн тиешелүү адистерибиз иштеп жатат. Жакын арада ал кемчиликтер жоюлат. Андан сырткары, эки гана банк электрондук патент боюнча төлөмдөрдү кабыл алууда. Калгандарына жайылтуу боюнча аракеттер жүрүп жатат»,- деди Ош шаардык салык башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдимиталип Жакыпов. 

Ош менен Бишкекте электрондук патент 1-августтан бери берилүүдө. Өлкөнүн калган аймактары электрондук форматка 1-октябрдан баштап өтөт.

Ош шаарында 32 миң салык төлөөчү бар. Анын 7 миңи патент аркылуу төлөйт.

Эске салсак, быйыл июлда мамлекеттик салык кызматы Ош жана Бишкек шаарларында ыктыярдуу жана милдеттүү патенттерди электрондук форматта берүү долбоорун сыноодон өткөрүшкөн.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3485 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо