
Бүгүн, 17-августта саат 23:00дө Ош шаарынын И. Раззаков көчөсү “Каныкей” ресторанынын тушунан Манас-Ата районуна карай жабылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди
Көчө “Ошгаз” ишканасынын жолдон газ куурларын алып өтүүсүнө байланыштуу жабылат. Жол эртең, 18-августта эрте мененки саат 08:00дө кайра ачылат.
Кошумчалай кетсек, 18-август күнү кечки саат 23:00дөн эрте мененки саат 08:00гө чейин Разаков көчөсү менен Артиков көчөсүнүн кесилишинен жабылат.
Оставьте первый комментарий