
Алай районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Зилзала бүгүн, 22-августта саат 09:49 чамасында катталганын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Сейсмология институтунун алдын маалыматы боюнча, жер титирөө Алай районунун Нура айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Эске салсак, акыркы жолу Алай районунда 9-августта жер титирген. Кытайда катталган жер силкинүү Нура айылында 2,5 баллга сезилген болчу.
Пикир калтыруу