
Араван районундагы Бел айылында намазкана өрттөнүп, эки адам каза тапты. Мерт кеткендер эне-бала болушкан. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн таңкы саат 7:00 чамасында намазкананын жанындагы тез тамактануучу жайда газ балон жарылып кеткен. Кырсыктан чакан ашкана менен кошо намазкана да өрттөнгөн.
Тилсиз жоодон ашкананы иштеткен 36 жаштагы ашпозчу аял менен анын 11 жаштагы уулу каза болгон. Учурда алардын тек-жайы такталып, жакындарына өткөрүлүп берилди.
Окуяны Араван райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы териштирүүдө. Учурда кырсык катталган жерде тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Оставьте первый комментарий