
Папандыктар мыйзамсыз жер сатууга айыпталган айыл өкмөт башчыны жактап чыкты. Ал ортодо колдоп чыккан жергиликтүүлөрдү айыл өкмөт башчысы Эрматбек Исмайилов өзү уюштурганы айтылууда.
Бүгүн, 23-августта Папан айыл өкмөтүнүн тургундары маалымат жыйынга чогулуп, аймак башчысына тагылган айыпты четке кагышты. Айтымдарында, буга чейин айыл өкмөткө нааразычылык билдирип чыккандар жер тилке ала албай ушул кадамга барышкан.
Маалымат жыйынга чогулгандардын билдиришинче, айыл өкмөткө каршы чыккандар жер тилке алгандардын үй салышына тоскоолдук кылып жатат. Муну алар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып билдиришти.
«Күйөөм балам каза болгон. Келинимдин төрт баласы бар. Ушул келиниме үй салып берели деп жатсак документ бүтпөй жатат. Прокуратура текшерип жатат деп эле бүтпөйт. Кара-Сууга тынбай каттап жатабыз», деди Папан айыл өкмөтүнүн тургуну Таалайкан Балтаева.
Маалымат жыйынга келген тургундарды айыл өкмөт башчысы Эрматбек Исмайилов жана аймактык кеңештин төрагасы Камчы Бактыбаев уюштуруп келгени айтылды. Алардын келгенине биз да күбө болдук.
Буга чейин айыл өкмөт жетекчисинин ишмердүүлүгүнө нараазы болгондор маалымат жыйын өткөргөн. Алар жер тилкелер мыйзамсыз бөлүштүрүлүп, жергиликтүү бийлик коррупиялашып жатканын билдирген эле.
Алардын билдирүүсүнө ылайык, жер тилкелер айыл өкмөт жетекчисинин жакындарына эле берилип кеткен. Бир канча жолу арыз жазылып, кылмыш иши козголсо да айыл өкмөттүн жооптуу адамдарды жоопкерчиликке тартылбаганын билдирип, бийлик өкүлдөрүнөн чарага көрүүнү талап кылышкан болчу.
Оставьте первый комментарий