Кара-Кулжада 8 тонна чөп күйүп кетти

Кара-Кулжа районунун Тогуз-Булак айылында короодо жыйылган 8 тонна  чөп өрттөнүп кетти.  Кырсык 26-августта саат 13:30дар чамасында катталган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, өрт 17:30да толук өчүрүлгөн. Азырынча тилсиз жоонун келип чыгуу себептери аныктала элек.

Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталып жатат.

Кошумчалай кетсек, Ош облусунда өткөн сутка ичинде 5 өрт кырсыгы катталган. Кыргыз-Чек айылынын Карабеков көчөсүндөгү 2 үйдүн 352 м2  аянты күйгөн. Ал эми Кыштак айылынын Ибраимова көчөсүндөгү  жыгач устундуу шифер жабылган  турак-үй толугу менен күйүп кеткен.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3470 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо