Оштон Ташкентке чуркоо акциясы башталды. Катышчуулардын улуусу 74тө (фото)

Ош-Ташкент багыты боюнча чуркоо акциясы 27-августта старт алды. Үч кыргызстандык баштаган марафон Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган.

Катышуучулардын эң кичүүсү 48де болсо, калган экөө ардагер. Бири 70ге таяп калса, экинчиси 74кө кирген.

Марафончулар бүгүн таңда «Достук» чек ара бекетинен жөнөп кетишти. Эми  Өзбекстандын борборуна 9-сентябрда жетип барышат.  Ош – Ташкент аралыгындагы 540 чакырымды толук жөө басып өтүшпөйт. 200 чакырымы ашууларга туш келип, автоунаа менен жүрүшөт.

Үчөө тең буга чейин Бишкек-Ош багыты боюнча марафондорго катышкан. Ош-Ташкент багыты боюнча акцияга катышуу алдында медициналык кароолордон өтүшкөн. Өзбекстанга чейин дарыгерлер чогу жүрүп, ден соолуктарына көз салып турушат. Коопсуздуктарын коштоп жүргөн Өзбекстандын күч түзүмдөрү камсыздамакчы.

Марафончулардын эң улуусу Сатыбалды Хусанов. 74кө чыкканы менен Ош – Ташкент багытын чуркап өтүүгө даяр.

«Ош-Ташкент багыты боюнча марафонго апрелден баштап даярдандык. Спорт агенттигинен Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата катышып бербейсизби деген сунуш түшүп, калган шериктеримдин да сунуштадым. Ошол убакыттан бери машыгып, баарыбыздын эле даярдыгыбыз жакшы»,-деди Сатыбалды Хусанов.

Экинчи катышуучу Зулумбек Хабибуллаев 69 жашта. Ал чуркоо боюнча ССР спорт чебери.

«Кыргызстан-Өзбекстан элдеринин достугун чыңдоо максатында өткөрүлгөн марафонго каташып жатканыма кубанычтамын. 340 чакырымга ден соолугум туруштук берет деп ишенем. Сапарга чыгам деп аябай даярданганмын. Буюрса Ош-Бишкек багытын ийгиликтүү басып өтөбүз » ,- деди Зулумбек Хабибуллаев.

Катышуучулардын эң кичүүсү 48 жаштагы Курсанбек Сыдыков. Ал Ноокат районундагы спорт мектебинде машыктыруучу болуп иштейт.

«Оштон Ташкентке 14 күндө жетип барабыз. Күнүнө 40-50 чакырым жүрүшүбүз керек. Ташкенттен Ошко автобус менен келебиз. Тиешелүү адистердин коштоосунда кыйынчылыксыз эле барып келебиз деген ойдобуз «,- деди Курсанбек Сыдыков.

Достук марафону КРнын дене-тарбия жана спорт комитетинин демилгеси менен уюштурулган. Ал эми катышуучуларды каржылоо жагын кыргызстандык демөөрчүлөр көтөрөт.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3454 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо