Ош: эң начар мектептердин директорлору кимдер? Тизме

Ош шаарында билим сапаты начар деген мектеп директорлору кызматтан бошотула баштады. Мэрдин тапшырмасына ылайык, №33  С. Алымкулов атындагы орто мектебинин директору Санабар Маматова жетекчилик кызматынан четтетилди. Калган 9 мектептин башчылары жаңы окуу жылына чейин ээлеген кызматынан алынат.

Маалыматка ылайык, жетекчилик кызматын тапшыруу алдында турган директорлордун алды мектептерди 15 жылдан ашык башкарган. Орточо мөөнөт 10 жылга туура келет. Эң кыска мөөнөт 1 жыл.

Кайсы мектептердин директорлору кызматтын тапшырат жана алар канча жыл жетекчилик кылганы төмөнкү графикада:

Эске салсак, 27-августта мугалимдердин август кеңешмесинде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билим сапаты эң төмөн делген он мектептин жетекчисин кызматтан алуу тапшырмасын койгон.

Автор Т-медиа 11674 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*