
Быйыл Ош облусунда мугалимдердин жетишсиздиги кыскартылды. Өткөн жылы облус боюнча 192 мугалим тартыш болсо, быйыл 44ү жетишпейт.
Бул тууралуу бүгүн Ош облусундагы мугалимдердин август кеңешмесинде айтылды. Анда белгиленгендей, мугалимдер математика жана орус тил сабактарынан жетишпейт.
Ош облусунда 530 орто мектеп бар. Анда жалпы 18 648 мугалим эмгектенет.
Пикир калтыруу