
Ак-Буура дарыясынын башына чакан ГЭС курулат. Тиешелүү токтомду Ош шаардык кеңеши бүгүн, 28-августта кезектеги жыйында бекитип берди.
Алдыда өкмөт токтом чыгарып берсе, 2 МВТ кубаттуулуктагы ГЭС курулуп баштайт. Стратегиалык курулушту “Ак-Буура Групп” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзөт.
Азырынча ГЭСтин долбоору иштелип чыга элек. Даяр болгондо канча убакытта бүткөрүлүшү менен каржы суммасы анык болот. Кеткен чыгымды курулушту жүргүзгөн компания өзү көтөрөт.
«Ош шаарына инвестиция тартуу максатында Ак-Буура дарыясынын жогорку бөлүгүнө чакан ГЭСтерди курууга уруксат берүү үчүн КРнын өкмөтүнөн токтом чыгаруу керек. Ошол токтомду кабыл алуу үчүн өкмөткө кайрылуу жөнөтүп жатабыз» ,- дейт шаардык кеңеш төрагасы Жапар Ормонов.
Буга чейин Ош шаардык кеңешине “Ак-Буура Групп” ЖЧКсы ГЭС куруу боюнча кайрылуу жолдогон.
Оставьте первый комментарий