
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова маалымдагандай, Кара-Кулжа райондук ооруканасына жаткырылган 12 бейтаптын диагнозу лабораториялык жол менен тастыкталды.
Ага ылайык, бейтаптар Сибир жарасы (күйдүргү) илдетине чалдыкканы аныкталган.
«Оорулуулардын бешөөсүнүн терисинде күйдүргү бар экени лабораториялык жол менен тастыкталды. Ал эми калган бейтаптардын диагнозу клиникалык-эпидемиологиялык анализдин жыйынтыгы менен такталды» , — деди Баялинова.
Ошондой эле, мал сойгон жайга жасалган анализ да дарттын жуктурулгандыгы тууралуу жыйынтык берген. Бейтаптар ооруну уйдун этин жеп, жуктурган деген божомол бар.
Учурда 12 адамдын үчөө бейтапкадан чыгарылса, калган сегизи Ош облусундагы Кара-Кулжа райондук ооруканасында дарыланууда
Оставьте первый комментарий