
Жеке колдорго ижарага берилип кеткен Ош шаардык төрөт үйүнүн имараты кайтарыла элек. Бул учурда төрөтканада орун тартыштыгы күч алып, көз жарган энелер маалынан эрте чыкканга аргасыз болуп жатат. Абал курчуп жатканына байланыштуу шаардык кеңеш ишти прокуратурага өткөрүүнү көздөөдө.
Ижарадагы имаратты төрөт үйүнө кайтаруу боюнча Ош шаардык кеңешинин атайын токтому бар. Эки жыл мурун кабыл алынганына карабай аткарылбай турат.
Депутаттар 28-августта кезектеги XV сессиясында токтом жобосу эмнеге аткарылбай жатканын тиешелүү кызматтан сураган. Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Ашим Семетеев жагдайды бюджетти толтуруу айласы деп түшүндүргөн. Тагыраагы, сөз болуп жаткан имараттын ижара акысынан УМСге айына 180 миң сом түшүп турат.
Бюджет муктадыгы деген жүйөнү Ош шаардык кеңеши колдогон жок. Эл өкүлдөрү муниципалдык менчик башкармалыгына төрөт үйүнүн балансындагы имарат тезинен кайтарылсын деген тапшырманы коюшту. Эгер создуктурула бере турган болсо, иш прокуратурага өткөрүлөт.
Азыр Ош шаардык төрөт үйүндө орун жетишсиздиги курч маселе. Күнүнө 50нүн тегерегинде аял көз жарса, анын 10у операция жолу менен төрөйт. Жасалма ыкма менен төрөгөндөр 15 күн стационарда калышат. 4 орунга ылайыкташкан палатада 6-7ден кош бойлуу аял жатат. Орун тартыштыгынан көпчүлүгү төрөт үйүнөн көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте чыкканга аргасыз болуп жатышат.
Ош шаардык төрөт үйүнүн бир имараты 2006-жылы баңгизатка каршы күрөшүү кызматына убактылуу пайдаланууга берилген. Андан кийин жеке колдорго иажарага берилип кеткен.
Оставьте первый комментарий