
Ош шаарына жаңы билим берүү стандарттары боюнча басылып чыккан китептер алынып келинди. Эми ал жаңы окуу жылы башталганда 5-6-класстардын окуучуларына ижарага бериле баштайт.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан «Т-Медиага» билдиришкендей, бир китептин ижарага акысы 25 сом болот. Төлөм мектептердин өзүндө эмес, банк аркылуу жүргүзүлөт. Аяр катмардагы окуучулар төлөмдөн бошотулса, көп балалуу үй-бүлөнүн балдары ижара акысынын жарымын төлөйт.
«5-6-класстарга быйылкы жылы жаңы кирип жаткан предметтер боюнча да китептер болот. «Информатика» жана «Технология» боюнча китептер да ижарага берилет. Эгер китеп жоголуп кетсе ата-энелер төлөп берүүгө милдеттендирилет», — деди №52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы мектептин директору Мелисбек Музулманов.
Кыргызстанда 2018-2019-окуу жылынан тарта мектептерде китептер кайрадан ижарага бериле баштайт. Азырынча 5-6-класттарга гана китептер жаңы билим берүү стандарттары боюнча басылып чыкты.
Ижарага берилчү китептер өлкөдөгү мектептердин баарын камтыбайт. Ош, Талас облусунун бардык мектептери, Ноокен, Кочкор, Кадамжай, Жайыл жана Ысык-Көл райондорундагы 397 мектепте ишке ашмакчы.
Оставьте первый комментарий