Ошто скверге шахмат инсталляциясы орнотулду(Фото)

Ош шаарынын  Курманжан Датка көчөсүндөгү  эс алуу багына шахмат инсталляциясы орнотулду. Ал жаш дизайнерлердин демилгеси менен ишке ашкан.

Көрктөндүрүү мекемесинен билдиришкендей, шахмат инсталляциясы шаардыктар эс алуусун көңүлдүү, пайдалуу өткөрүү үчүн коюлган.

-«Эс алуучулардын акыл, ой-туюмдарын өрчүтүү, шаардагы эс алуучу жайлардагы болуп жаткан терс көрүнүштөрдөн арылтуу максатында эс алуучуларыбыз ойноп өткөрсүн деп шахмат фигуралын орноттук», деди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынан маалымат катчысы Иманбек Советбеков.

Шахматтын фигуралары жыгачтан жасалып боёлгон. Астындагы бетондор парктын эски теплицаларынан чогултулган.

Видео көзөмөл буга чейин шахматтын жанындагы I love osh инсталляциясына орнотулган. Мындан ары ал шахматты да кошо көзөмөлдөйт.

Автор Т-медиа 11675 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*