
Көз карандысыздыктын 27 жылдыгы Ош шаарында бир катар майрамдык иш чаралар менен белгиленет. Театрлаштырылган оюн-зооктордон сырткары улуттук спорт оюндары боюнча мелдештер өтеөрүлмөкчү.
Майрамдык иш-чаралардын тизмеси:
Эгемендүүлүккө арналган салтанаттын негизги бөлүгү саат 10:00до Ош шаарынын борбордук аянтында өтөт. Сахналаштырылган оюн-зооктор шаардык маданият башкармалыгы жана театр кызматкерлери тарабынан көрсөтүлөт.
Салтанаттын расмий бөлүгү жыйынтыкталаары менен майрамдык жарманке уюштурулат. Иш чара 11:30дан баштап С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдындагы аянтта өтөт. Ага улай эс алуучулар үчүн улуттук спорт оюндары боюнча мелдеш болот.
Саат 12:00дон баштап «Алымбек-Датка» этно-комплексинде «Жапалак аймактык башкармалыгы уюштурган «Ааламга жол айылдан башталат» аттуу фестиваль өткөрүлөт. Анда айыл-чарба жарманкеси, «Боорсок» фестивалы, «Сармерден» кыз-жигит оюну уюштурулат.
Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына арналган гала концерт кечкисин 19:00до борбордук аянтта тартууланат.
Быйыл Ош шаары эгемендүүлүк майрамын жылдагыдан өзгөчө белгилөөдө. Көз карандысындыкка арналган иш чаралар август айынын ар ишемби күндөрү өткөрүлүп жатат.
Оставьте первый комментарий