ӨКМ өрт коопсуздугун сактоого чакырат

Күз-кыш мезгилине карата өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты. Министрлик өз билдирүүсүндө жарандарды  өрткө кооптуу мезгилде тилсиз жоону алдын алууга эскертет.

ӨКМ өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоого чакырат:

—         ачык аянтта кургак чөптү, таштандыларды  өрттөбөгүлө;

—         бузук мештерди жана морлорду колдонбоңуздар;

—         от жагуучу мезгилге чейин адамдардын өлүмүн жана жаракат алуусун болтурбоо үчүн мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо керек;

—         бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбоңуздар;

—         колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбоңуздар;

—         күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;

—         балдарды кароосуз калтырбагыла;

—         күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

—         электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

Көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо менен өрттү алдын ала аласыз деп эскерет өзгөчө кырдаалдар министирлиги.

Автор Т-медиа 11674 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*