Ош: бакчада 4 жашар кыз чарчап калды. Өлүмүнө эмне себеп?

  • Окуя 28-август күнү Ош шаарындагы №40 «Наристе» балдар бакчасында катталган. 4 жашар кыз тыныгуу убагында (тихий час) керебетке жаткан жеринде чарчап калган. 

Бакча жетекчилиги жеткинчектин өлүмүнө алар күнөөкөр эместигин билдирүүдө. Айтымдарында, ал кыз каралбай калган эмес жана тарбиячылар тарабынан токмоктолбогон. Өнөкөт оорусу кармап калып көз жумган.

«Ал кыздын талмасы уктап жатканда кармап калды. Тарбиячысы ал көгөрө баштаганда көрүп  эле мага кабарлады. Ошол замат тез жардам кызматын чакырдык. Ал келгенче өзүбүздүн бала бакчадагы дарыгер да биринчи медициналык жардамды көрсөттү. Бирок өзүнө келбей койду. Тез жардам кызматы алып кетип, ал жакта да өзүнө келген эмес»,-деди бакча жетекчиси Максатхан Маметова. 

Маметованын кабарлашынча, баланын ата-энесинде бакчага карата эч кандай доо жок. Алар баласында талма оорусу бар экендигин тастыктап, буга чейин жашырып койгондорун моюндарына алышкан.

«Ал кыздын бакчада жүргөнүнө 6 ай болуп калган. Буга чейин бир да жолу талмасы кармаган эмес эле.  Апасы кабыл албай коёсуңар деп оорусун жарышып койгонун айтты. Негизи ал кыз облустук балдардын ооруканасында дарыланып турчу экен. Эгер бизге билдирип койгондо дарыларын убагында берип, өзгөчө көзөмөлгө алат элек «,- дейт Максатхан Маметова

Окуя боюнча Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кабары бар. Мекеменин кызматкери Тынчтыкбек Досмуратовдун билдиришинче, баланын өлүмү боюнча тиешелүү кызматтарга кабарланып, азыр окуя иликтенип жатат.

«Бул маселе боюнча тиешелүү тараптардын бардыгына билдирүү жөнөткөнбүз. Ички иштер башкармалыгы, Ош мэриясы жана билим берүү министрлигине чейин окуя боюнча билдирилген. Учурда милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат» ,- деди Т. Досмуратов

Милициянын билдиришинче, аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон жок. Кыздын ата-энеси доо-арыз жазган эмес. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн да баш тарткан.

«Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча кылмыш белгилери байкалган жок. Денесинен көк-ала тактар байкалбайт. Бирок медициналык экспертиза жүргүзүлгөндө так аныкталмак»,- деди Ош ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков.

Азыр милициянын териштирүүсү жыйынтыктала элек. Иликтөө аяктаса корутунду тиешелүү кызматтарга тапшырылат.

Эскерте кетсек, «Наристе» балдар бакчасында мындай учур биринчи жолу катталып жатат. Ош шаары боюнча буга чейин балдар бакчасында баланын өлүмү каттала электигин билим берүү башкармалыгы билдирет.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*