
III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында Казакстан медалдардын саны боюнча биринчи орунга чыкты. Коңшу өлкөнүн куржунунда жалпы 19 медал бар, жетөө алтын.
Кыргызстан экинчи орунда келе жатат. 18 медалдын бешөө алтын.
12 медал менен үчүнчү орунга Түркмөнстан чыкты. Андан кийинки сапта Орусия менен Өзбекстан келе жатат.
4-сентябрда ат чабыш, аркан тартыш, казак күрөшү, таяк тартыш, бүркүт салуу, далба, тайган жарыш жана жаа атуу боюнча оюндар өтөт.
2-сентябрда башталган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Ысык-Көлдө өтүп жаткан оюндарга 70ге жакын өлкөнүн спортчулары катышып жатат.
Оставьте первый комментарий