Шашыл! Бүгүн салык төлөөнүн акыркы күнү

Бүгүн, 4-сентябрда унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт. Жетишпей калган жарандарды салык кызматы бүгүн кечкиге чейин төлөөгө чакырат.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөндөр 2000 сом өлчөмүндөгү айып пулга жыгылат. Мындан сырткары, салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн өзүнчө туум эсептелмекчи.

Кыргызстанда унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт. Дем алыш күндөрүнө туш келип калган үчүн быйыл 4-сентябрга жылдырылган.

Турак-жай жана жер салыгы аянтына жараша төлөнсө, автоунаа салыгы чыккан жылы жана кыймылдаткыч күчүнө ылайык эсептелет.

Кошумчалай кетсек, Ош шаары автоунаа салыгына 36 миллион сом төлөйт. Азыр анын 20 миллионго жакыны төлөнгөн.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3505 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо