Жогорку Кеңеш ишин баштады

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш  өз ишин баштады. Бүгүн, 4-сентябрда парламенттин бешинчи сессиясы ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бешинчи сессиянын башталышы менен кесиптештерин куттуктады. Ошону менен катар 4-5-сентябрь күндөрүндө Жогорку Кеңеш Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 44-беренесине ылайык, тармактык комитеттеринин жыйындары боло тургандыгын маалымдады.

Азыркы парламент 28-июнда IV сессиясын жаап, жайкы эс алууга тараган. Бешинчи сессия быйыл сентябрдан кийинки жылдын  июнуна чейин иш алып барат.

Алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2015-жылы 4-октябрда шайланган.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3490 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо