ДКО-2018: Казакстан курамасы көк бөрү оюнуна катышты

Бүгүн, 5-сентябрда, Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында Көк бөрү боюнча топтук таймаштардын үчүнчү күнү өтүп жатат. С тобунда Казакстандын курама командасы өзүнүн биринчи оюнун ойноп, 15:3 эсебинде Красноярск (Орусия) командасын утуп, биринчи үч упайын топтоду.

Бүгүн эле казакстандыктар өзүнүн тобундагы кийинки атаандашы болгон АКШ командасы менен оюн өткөрөт. Таймаш саат 15:00гө пландаштырылган.

Буга чейин көк бөрү боюнча Казакстан курамасы айрым себептерден улам  оюнга катыша албай тургандыгын айтылып жаткан эле.

Азыркы учурда Көк бөрү боюнча биринчиликке 10 команда катышып жатат, алар чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча 4 топко бөлүнүшкөн:

 

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*