ДКО-2018: Кыргызстан биринчиде баратат. Инфографика

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан медалдардын саны боюнча алдыңкы катарга чыкты. 4-сентябрдагы оюндардын жыйынтыгы боюнча өлкө куржунунда 43 медал бар. Анын 15и алтын. 

Экинчи орунда 11 алтын менен Орусия баратат. Ал эми 3-сентябрда биринчи орунга көтөрүлгөн Казакстан кечээки оюндардын жыйынтыгында үчүнчү катарга түшкөн. Азыр коңшу өлкөдө 9 алтын бар.

Төртүнчү катарга 8 алтын менен Түркмөнстан чыкса, бешинчиде 4 алтын менен Иран баратат.

Калган өлкөлөрдүн медалдык эсептери төмөнкү графикада:

Жогорудагы тизмеде жазылбаган мамлекеттер азырынча бир да медал алыша элек. Алар  Тажикстан, Пакистан, Ооганстан,  Жапония, Латвия, Италия, Австралия, Франция, Египет жана башка өлкөлөр.

Эске салсак, 2-сентябрда башталган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Ысык-Көлдө өтүп жаткан оюндарга 73 өлкөнүн спортчулары катышып жатат.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*