Кара-Суу: жер астындагы өтмөктүн курулушу кечикти. Бийликтин жообу

Кара-Суу шаарындагы «Туратали» базарынын жанына түшүп жаткан өтмөк октябрга барып пайдаланууга берилет. Эгемендүүлүк майрамына бүткөрүлмөк болгон курулуш дээрлик бир ай кечикти.

Курулуш май айында башталып, 4 ай ичинде бүткөрүлүшү айтылган эле. Эми Ленин көчөсү мурда убадалангандай августта эмес, сентябрдын аягына чейин жабылат.

Иштин артка сүрүлгөнүнө Кара-Суунун эли нааразы болуп турат. Анткени жол жабылгандан бери автоунаа тыгыны күч алган.  Базар иштебеген дүйшөмбү күнү гана абал жөнгөрүлөт. Калган күндөрү дайыма эле жарым саатка чейин созулган тыгын болот.

«Күн сайын тыгынга туш келип жүдөп кеттик. Кээде 40 мүнөткө чейин туруп калабыз. 4 ай араң чыдасак, дагы бир ай жолдун жабылышы туура эмес да. Айрыкча биз таксисттерге кыйын болду. Жүргүнчүлөр жүктөрү менен чыкканга ичкери кирбесек болбойт. Ал жакка барсак чыгыш кыйын»,-деди айдоочу Адыл Асанов. 

Жергиликтүү бийлик элдин нааразычылыгын билет. Азыр айыл өкмөткө калктын убактылуу кыйынчылыгы эмес, курулуштун сапаттуу бүткөрүлгөнү башкы орунда турат.

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев билдиргендей, жумуш мөөнөтүнөн 1 ай кечеңдешине топурактын борпоң чыгып калганы себеп. Эгер бекемделип курулбаса, урап түшүү ыктымалы жогору.

«Курулуш башталганда бул нерсе эске алынган эмес. Топурак борпоң болгондуктан цемент менен бекемдөөгө туура келди. Биринчи жолу салынып жаткан жер астындагы өтмөк бул келечектин иши. Сапаттуу курулбаса, мээнетибиз текке кетет. Ошого бул нерседен убакытты аяган жокпуз»,- деди Замир Тургунбаев.

Бекемдеп курганга жарым ай убакыт кетти. Калган 15 күнчү деген суроо жаралат. Мунун жообун курулушту жүргүзгөн «СУТРАНСПРОМЖИЛСТРОЙ» ЖЧКсынын адистери төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

                                                                                  Кошумча жумуш

Эми долбоорго айрым жумуштар кошумчаланып жатканына токтололу. Буга чейин жаан суулары түшүп кетчү септик каралган эмес эле. Азыр ал долбоордон сырткаркы жумуш болуп жатат. Ошол себептүү сметалык баа да көтөрүлөт.

Азырынча курулуштун сметалык баасына канча акча кошумчаланары анык эмес. Анткени борпоң топуракты бекемдеген да кошумча жумуш болгон. Айыл өкмөт канча  кетсе да, иш үзгүлтүккө учурабайт деп ишендирүүдө.

«Буга чейин долбоордо сметалык баа 32 миллион сом деп көрсөтүлгөн. Азыр болжолду канча кетээрин да айта албайм. Бирок жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча акча убагында бөлүнөт. Сентябрдын аягында сөзсүз түрдө курулушту пайланууга беребиз»,-деди Замир Тургунбаев.

                                                                                          Сынга кабылган пандус

Бишкектен кийин эле Кара-Сууда курулуп жаткан жер астындагы өтмөк боюнча буга чейин сындар айтылган. Социалдык тармак колдонуучулары курулушта мүмкүнчүлүгү чектелгендерге пандус эске алынбай калганын эскертип чыгышкан эле.

Азыр курулуш акыркы этабына келип калды. 10%дык жумушка бүткөн тепкичтин четине пандустун төшөлүшү да кирет.

Курулушту жүргүзгөн компания пандус эреже боюнча кезеги менен эле орнотулуп жатканын билдирүүдө. Бирок тепкичтин нугунда төшөлсө, тик болуп калабы дегендер да жок эмес.

Жер астындагы өтмөк Кара-Суу шаарында биринчи жолу курулуп жатат. Бүткөрүлсө туурасы 17 тереңдиги 8 метр  болуп, төрт тарабынан кирип-чыгуу жолу каралган.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3494 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо