ДКО-2018: Кыргызстан биринчиликти сактап турат. Медалдардын саны инфографикада

III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан эки күндөн бери биринчи орунду кармап турат. 4-сентябрда өлкө куржунунда 43 медал болсо, кечээки оюндардын жыйынтыгында 60га жетти. 

Алтындардын саны боюнча да Кыргызстан 26 медал  менен алдыда баратат. Экинчи сапты 13 алтын медал менен Орусия кармап турат. Үчүнчү орунду ээлеп турган Казакстанда 11 алтын бар.

Төртүнчү менен бешинчини Иран жана Түркмөнстан эки күн катар (4-5-сентябрь) сактап келе жатат.

5-сентябрдагы оюндардын жыйынтыктары төмөнкү графикада:

2-сентябрда башталган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Ысык-Көлдө өтүп жаткан оюндарга 73 өлкөнүн спортчулары катышууда.

 

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*