
Ош шаарынын Черемушки кичи районунда ымыркай көтөргөн аял төртүнчү кабаттан өзүн таштаган. Окуя күбөлөрүнүн билдирүүсүндө, эне-бала экөө тең аман калышкан.
Алдын ала маалыматтарга караганда, аял өз жанын кыюуга аракеттенген. Колундагы ымыркай 7 айлык болгон.
Окуя бүгүн, 6-сентябрда саат 17:00дор чамасында болгон. Жабыркаган эне-баланы тез жардам кызматы алып кеткен.
Аталган факт боюнча Ош милициясы териштирүү жүргүзүүдө. Азырынча окуянын себептери аныктала элек.
Оставьте первый комментарий