Тажикстанда жарым жылаңач аялдардын сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду (фото)

Тажик сүрөтчүсү Маърифат Давлатова жарым жылаңач аялдардын сүрөттөрү менен көрүүчүлөрдүн назарын бурду. Анын чыгармаларына суктангандар да, жактырбагандар да бар.

«Бул сериядагы биринчи сүрөтүм Венада коюлду. Ошондогу чыгармаларым интернетте пайда болуп, адептүүлүк үчүн күрөшкөн тажикстандыктардан жаман сөздөрдү уктум», — деди Маърифат Давлатова.

Сүрөтчүнүн айтымында, жарым жылаңач аялдардын элестери – коомдогу теңсиздикке, аялдарды басмырлоого каршылык көрсөтүү. Маърифат Давлатова адептүүлүктү бетине кармаган айрым жарандар жарым жылаңач аялдарды тартууну токтотууга чакырып, опузалашканын билдирди.

«Бирок мен стереотиптерди бузганды жакшы көрөм. «Кээде эмне үчүн мындай “коркунучтуу” сүрөттөрдү таратасың, өмүрүңдү тобокелчиликке салба» деп айтып калышат… Бирок биз коркууларды жеңишибиз керек, себеби эркин жана светтик коомдо жашап жатабыз», — деди Маърифат Давлатова.

Жаш сүрөтчүнүн чыгармаларына ар ким ар кандай баа берүүдө – кимдир бирөө анын эр жүрөктүүлүгүнө суктанса, айрымдар анын сүрөттөрү тажик маданиятына жат келет деп эсептешет.

Маърифат Давлатованын сүрөт көргөзмөсү Душанбедеги «Серена» мейманканасында 11-сентябрга чейин уланат.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*