
Үчүнчү дүйнөлүк оюндарында Кыргызстан биринчиликти сактап келе жатат. Оюндардын 5 күндөгү жыйынтыгына ылайык, өлкө куржунунда 30 алтын топтолгон. Жалпы мелдалдардын саны 78ди түзөт.
Экинчи орунду үч күндөн бери Орусиянын курама командасы кармап турат. Азыр аларда 16 алтын, 9 күмүш бар.
Ал эми үчүнчү орунда Казакстан 4-сентябрдан бери эч кимге алдырбай бара жатат. Коңшу өлкө өз куржунун 11 алтын, 17 күмүш менен толтурган.
Эки күн катар төртүнчү орунда келе жаткан Иран курамасы 6-сентябрдагы оюндардын жыйынтыгында 5чи орунга түшкөн. Ал орунда азыр Венгрия баратат.
Көчмөндөр оюндарынын 5-күнүндөгү жыйынтыгы төмөндө:
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Кыргызстанда өтүп жаткан оюндарга 73 өлкөнүн спортчулары катышып жатат.
Пикир калтыруу