
Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков өзүнүн ФБ баракчасы аркылуу маалымат таратты. Маалыматка караганда, аял күйөөсү менен пикир келишпестиги окуяга себеп болгон.
«-Окуядан кийин экѳѳ тең денесинен жарат алышып,тез жардам кызматы келип, наристени балдар ооркуканасына, энесин Ош облустук ооруканага жеткирген. Дарыгерлердин айтуусуна караганда экѳѳнүн тең ден соолуктары канааттандырарлык, ѳмүрлѳрүнѳ коркунуч жок. Бул окуя боюнча соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалып, жагдай боюнча ар тараптуу текшерүү иш чаралары жүрүп жатат. Алгачкы териштирүүнүн жыйынтыгына караганда, жабырлануучу Чүй облусунда ѳмүрлүк жолдошу менен жашап жатып, жолдошу менен пикир келишпей, эки баласын кайненесине таштап, кичүү баласын алып, жогоруда аталган даректе жашаган бир тууган эжесинин үйүнѳ келип жашап жаткан. Айрым күбѳлѳрдүн айтуусунда, акыркы мезгилдерде күйѳѳсү менен пикир келишпестигинен улам, алкоголдук ичимдиктерди кѳп ичип жүргѳндүгү айтылды. Ушундай кадамга барган күнү дагы алкоголдук ичимдиктерди ичкендигин айтышты»-деп айтылат маалыматта.
Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан окуя «ѳзүн-ѳзү ѳлтүрүүгѳ аракет жасоо» беренеси менен катталып, иликтѳѳ иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, 2018-жылдын 6-сентябрь күнү саат 17.00гѳ жакын Ош шаарындагы Урицкий кѳчѳсүндѳ жайгашкан кѳп кабаттуу жатакананын тѳртүнчү кабатынан 40 жаштагы аял колундагы 7 айлык уулу менен боюн таштап жиберген.
Оставьте первый комментарий