Орусияда кыргызстандык жаран мекендештерин унаасы менен сүзүп кетти. (фото)

Бүгүн, 9-сентябрда Москва шаарынын Новочеркасский бульварында Кыргызстандын  жараны унаасы менен мекендештерин сүзүп кеткен. Кырсыктан 9 адам жабыркап, бирөө каза болгон. Фольксваген  үлгүсүндөгү унаа  жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн эки адамды сүзүп, андан ары жолдон чыгып тротуардагы адамдарды барып сүзгөн.                           

Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү аталган бульвардагы эс алуучу жайлардын биринде кыргызстандык жарандар чогулуп, таңды тосушкан.

Окуяга шектүү катары айдоочу кармалып, ал Кыргызстандын Б. С аттуу жараны экени аныкталган. Шектүүнүн айтымында, кечеде мекендештери менен отуруп ортодо түшүнбөстүктөр чыккан. Кайым айтышуу мушташууга чейин жеткен. Б. С ачууланган бойдон унаасына отуруп, катуу ылдамдыкта айдап жөнөгөн. Анын кесепетинен жөө жүргүнчүлөрдү көрбөй калган.

Окуянын күбөлөрү жаракат алгандардын бардыгы Кыргызстандын жарандары экендигин айтышкан. Алар окуя Марина метросундагы Новочеркасский бульварында жайгашкан кыргыздардын «Соло» деген түнкү клубунун алдында болгонун айтат. Кырсыкка кабылгандар ооруканага жеткирилген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматкери Гүлбарчын Байымбетовага окуяны маалымат каражаттарынан билгенин айтты.

«Бул тууралуу биз бүгүн жергиликтүү маалымат каражаттарынан уктук. Биздин юристке тапшырганбыз, учурда тактоо иштери жүрүүдө, маалымат толук такталган соң кабар беребиз», — деди Байымбетова.

Азыр кырсыкка шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Учурда териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо