Адам сатууга каршы «Жаштар колдойт» кампаниясы старт алды

«Адам сатууга каршы 100 күн» – Кыргызстандагы жөнгө салынбаган миграция жана адамдарды сатуу көйгөйү боюнча элдин маалымат алышын жогорулатуу боюнча улуттук демилге. Аталган иш чара 2018-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрга чейин «ЖАШТАР КОЛДОЙТ» деп аталган ураандын алдында өтөт.

Өкмөт, жаштар жана Бириккен Улуттар Уюмунун Агенттиктери биргеликте «Кыргызстанда адам сатууга каршы 100 күндүк» кампания баштайт. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош облусунун жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бактияр Карыбеков  билдирди.

Иш чаралар Кыргызстандын жети облусунда өтөт. Анын ичинде Ош облусунун жаштары да бар. Биз атайын программа менен барып адам сатуу көйгөйү жана анын алдын алуу боюнча Ыссык-Көл жергесинде окуп келдик. Негизинен кампания калкты адам сатуунун жана жөнгө салынбаган миграция тобокелдиги, андан улам жаралып жаткан эмгек жана сексуалдык эксплуатация, эрте никеге туруу жана ала качуунун кесепеттери туурасында маалымдоого багытталган. Андан сырткары балдарды ишке салуунун эң жаман түрлөрү, кыздар менен аялдарга жасалган зомбулук туурасында да эскертип, кабарламакчыбыз. Баарыңыздар билгендей эле жогоруда аталып өткөн көйгөйлөр дээрлик Кыргызстандын баардык облустарында кездешет. Бул көйгөйдүн алдын алууда жаштар зор күч болот деген ниетте 100 күндүк иш чараны баштап жаткан учурубуз»,-дейт Бактияр Карыбеков.

«Адам сатууга каршы 100 күн» кампаниясы биринчи ирет 2017-жылдын 31-июлунда өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана БУУнун Бангизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан глобалдык GLO.ACT программасынын алкагында өткөрүлгөн.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3485 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо