Футбол: Кыргызстан менен Сириянын курамалары беттешет. Тизме

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргызстан менен Сириянын футбол боюнча курама командалары беттешет.  Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

КРнын Футбол боюнча федерациясынан билдиришкендей, Кыргызстандын курамасы Сириянын футболчулары менен Азия кубогуна даярдык көрүү багытында беттешмекчи.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан курамасынын Сирия менен беттешине капитан жана коргоочу Азамат Байматов менен жарым коргоочу Антон Землянухин катышпайт.

Бул беттешке катыша турган Кыргызстан курама командасындагы оюнчулардын тизмеси төмөндө:

Дарбазачы: Кашуба Валерий (ФК “Дордой”), Амиров Руслан (ФК “Алга”), Матяш Павел (ФК “АГМК”, Узбекистан)

Коргоочу: Шератов Курсанбек, Козубаев Тамирлан, Откеев Авазбек, Юсупов Мустафа, Тего Дениэл, Салиев Аскарбек (все – ФК “Дордой”), Акматов Айзар (ФК “Алга”), Шакиров Шерзот (ФК “Нефтчи”), Дуйшобеков Бахтияр ( ФК “Келантан”, Малайзия), Маныбеков Аманбек (ФК “Абдыш-Ата”)

Жарым коргоочу: Сидоренко Павел, Сыдыков Азиз, Ахмедов Муролимжон, Мусабеков Фархат, Жыргалбек уулу Кайрат, Сагынбаев Бекжан (ФК “Дордой”), Абдурахманов Одилжон, Сардарбеков Элдияр ( ФК “Алай”), Землянухин Антон (ФК “Илбирс”), Исраилов Ахлидин (эч кайсы клубдан эмес), Бернхардт Эдгар (ФК “Тыхы”, Польша), Шукуров Алимардон (ФК “Абдыш-Ата”).

Чабуулчу: Мурзаев Мирлан (ФК “Сомаспор”, Түркия), Батырканов Эрнист (ФК “Дордой”)

Эске салсак, FIFA рейтингинде Кыргызстандын командасы 92-орунда болсо, Сирия 73-позицияда турат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3490 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо