Өлкө таза суу менен толук камсыз болот

Жакынкы 5 жылда Кыргызстандагы 653 айылдын, 22 шаардын жана 26 райондун борборлору ичүүчү суу жана саркынды суу тармактарын курулуп, оңдоп-түзөөдөн өтөт. Муну вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен биргеликте калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашыруу боюнча өткөн кеңешме билдирди.

«Учурда өлкө калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыздалган эмес. Мындай жагдай жугуштуу оорулардын өсүү тобокелдигине алып келет, айрыкча айыл жергесинде жашаган жарандар үчүн. Ошондуктан жакынкы жылдары биз калкты ичүүчү таза суу менен толук камсыздоо милдетин чечүүгө тийишпиз», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Эске салсак, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргызстандын 16 шаарында жалпы суммасы 11 млрд 384 миң сомду (142,3 млн евро) түзгөн долбоорлор ишке ашырылууда.

Автор Т-медиа 11883 статьи

1 комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*