Ош милициясы: эне-баланын 4чү кабаттан кулашында кылмыш белгилери бар

Ош шаардык милициясы  төртүнчү кабаттан ымыркайы менен кошо бой таштаган аялга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу «Т-Медиага» ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады.

Сыдыковдун билдиришинче, аялга «адам өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси боюнча иш ачылды. Азыр баласынын тагдыры социалдык коргоо тармагынын кызматкерлери тарабынан каралып жатат.

«Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы мас абалында төртүнчү кабаттан секирген аял баласын өлтүрүүгө аракет жасаган деген жыйынтык чыгарды. Азыр аялга карата КРнын кылмыш кодексинин 28-97 беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктундагы көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери бар экенин эске алып, кылмыш иши козголду»,-деди Замир Сыдыков.

Эске салсак, 6-сентябрда Ош шаарынын Черемушки кичи районунда ымыркай көтөргөн аял төртүнчү кабаттан бой таштаган. Азыр аман калган эне-бала облустук оорукада дарыланып жатат. Экөөнүн тең абалдары жакшы.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4114 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо