
Ош шаарында биринчи жолу табигый материалдар менен жасалган балдар аянтчасы ачылды. Бүгүн, 11-сентябрда пайдаланууга берилген аянтчанын курулушуна 200 миң сом сарпталган.
Өзгөчө балдар аянтчасы №24 Фрунзе атындагы орто мектебинде иштеп баштады. Долбоорду америкалык Жон Де Лео ишке ашырган.
Аянтча “Табигый” деп аталат. Анткени ал жөнөкөй жана жаратылыштагы материалдардан жасалган. Мисалы, селкинчекти жыгачтан жасап, ага кадимки унаанын дөңгөлөктөрүн кадап койгон.
Аянтчада балдар ойногондон сырткары музыка да жарата алышат. Жогорудагы аспап — балдар ургуласа түрдүү түрдүүчө обондорду чыгарат.
Табигый материалдардан жасалган балдар аянтчасы Европа жана Түнтүк Америкада өтө популярдуу . Ал эми Кыргызстанда мындай оюн аянтчалары дээрлик жокко эсе.
Изилдөөлөргө таяна турган болсок, мындай оюн аянтчаларында балдар өздөрүн активдүү алып жүрүшөт.
TEST
жакшы