Президент коррупциядан түшкөн акчага мектептер куруларын айтты

Коррупция менен күрөштөн түшкөн акчага мектептер курулат. Бул тууралуу президент Сооронбай билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алган учурунда билдирди. 

Жээнбеков,  шаардын ичинде жайгашкан мектептерде чоң айырмачылык болуп жатканын белгилеп, мында мектеп директорлорунун жана мугалимдердин жоопкерчилигин карап чыгып, окуучуларга карата сапаттуу билим берүү талаптарын күчөтүш керектигин билдирди.

«Бул жакта көйгөй жаралбашы керек, мектептерди курууга каражат жетиштүү. Коррупциядан түшүп жаткан каражаттар бар, аларга атайын эсеп ачылган. Ошол акчаларга Бишкек шаарында жана аймактарда мектеп куралы», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

2012-жылы мектептерде 1 млн 12 миң окуучу билим алса, бүгүнкү күндө окуучулардын саны 1 млн. 223 миңге жеткен. Азыр мектептерде окуган балдардын жалпы саны 18 пайызга өскөн.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3477 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо