Атамбаевге тиешелүү үйдө абал өзгөрүүсүз. Фото

Ош шаарындагы пайдаланууга берилген 12 кабаттуу үй дале толук бүткөрүлө элек. Жарым-жартылай турган курулуш белгилүү ишкер Жалил Атамбаевге таандык экени айтылууда.

Сөз болуп жаткан үй  Курманжан Датка (Юго-Восток) кичи шаарчасындагы эс алуу багынын ордуна 2012-жылы курулган. Эки жыл мурун пайдаланууга берилгенине карабай үйдүн сырты бүткөрүлбөй турат.

Жашоочулардын билдиришинче, чала калган курулуш кайра качан жанданышы анык эмес. Ал тургай жылуулук менен газдын да берилишинен кабар жок. Лифт да орнотулбай турат.

“12чи кабатка чейин жөө чыгып түшүүгө аргасызбыз. Өткөндө “Т-Медиадан” сиздер келип кеткениңиздерде лифт орното башташты эле. Усталар жаңы эле иштей баштаганда үйдү салган компания акча которбой, ал да токтоп калды. Эми байланышсак, жооп бермек тургай качып жатышат”,-деди жашоочу Айлира Абдижалилова.

Үйдү “ППА” курулуш компаниясы салган. Жетекчилиги менен “Т-Медиа” жамааты да байланыша албадык.

Азыр сөз болуп жаткан үйдө 40тан ашык үй-бүлө жашайт. Жашоочулардын алды 2016-жылы көчүп киришкен. Үйдү салган компаниячала калган курулушту 2017-жылга чейин толук бүтүрүп бермек болгон. Келишим аткарылбай, батир ээлери эки жылдан бери сырты бүткөрүлбөгөн үйдө жашап келишүүдө.

 

Автор Т-медиа 12221 статья

1 комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*