Кара-Сууда мыйзамсыз сакталган куралдар табылды

Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынан мыйзамсыз сакталып турган куралдар жана октор табылды. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты.

Билдирүүгө караганда, тинтүү иштери 11-сентябрда 32 жаштагы М.Р-вдун үйүндѳ жүргүзүлгѳн. Натыйжада, аталган жарандын короосунан, жерге жыгач ящиктин ичине салынып, атайын кѳмүлүп койгон жеринен куралдар жана октор алынды. Алар:

-«АК-74» үлгүсүндѳгү Калашников автоматы, 2 даана окчонтою (магазини ) менен;
-«КО-8,2» үлгүсүндѳгү сайлуу карабин-мылтык;
-29-даана 7.62 үлгүсүндѳгү Калашников автоматынын октору;
-Ок салуучу цинк ящигиндеги 7.62 калибриндеги 360 даана ок;
-«Blow» үлгүсүндѳгү сигнал берүүчү тапанча;
-Дүрбү;
-Куралдын үнүн басаңдатуучу кошумча тетик (глушитель).

Аталган кылмыш ишинин алкагында үй ээси М.Р убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факт боюнча Ош шаардык ИИБнын тергѳѳ кызматы тарабынан мыйзамсыз ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды сакатагандыгы үчүн КР кылмыш кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергѳѳ иштери жүрүп жатат. Алынган куралдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3485 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо