
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин Ош облусундагы иш сапары 12-сентябрдан башталат. Облусту премьер-министр эки күн кыдыраарын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Чоң-Алай, Өзгөн райондорундагы орто мектептер жана оорукананын ачылыш салтанатына катышат.
Мындан сырткары Мухаммедкалый Абылгазиев Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Перети Коал» ЖЧКсы көмүр ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышмакчы.
Пикир калтыруу