
Азыр Кыргызстанда 2262 мектепте 1 миллион 223 миң бала окуйт. Көрсөткүч 227 миңге жакын окуучу каралган орундан ашыкча дегенди түшүндүрөт. Муну билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги окуучуларды комплектөө боюнча берген түшүндүрмөсүндө билдирген.
Министрликтин маалыматына ылайык, 446 мектеп бир нөөмөт, 1657 мектеп – эки сменалык тартипте иштөөдө. Ал эми 159 мектеп ашыкча толгонуна байланыштуу окутуу ийкемдүү иш тартибине өткөн.
Жалпысынан акыркы жылдары окуучулардын көбөйүшү байкалууда. Окуучулардын саны былтыркы жылга карата 4,0%га, 2012 жылга салыштырмалуу 18%га өстү. Шаарларда 25%га, айылдарда 14%га өсүү болду.
Министрлик белгилегендей, окуучулардын ашыкча толуу көйгөйү ички миграцияга байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мектептеринде көбүрөөк байкалып жатат.
Эске салсак, президен Сооронбай Жээнбеков 11-сентябрда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кубайберидиевага коррупциядан түшкөн акчага мектептер салынаарын билдирген эле.
Оставьте первый комментарий