Ош мэриясындагы кызматкерлерге кылмыш иши ачылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы  Ош шаардык мэриясындагы кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны аныктады. Мыйзамсыз иштин жыйынтыгында мамлекеттин бюджетине 1 млн 650 миң сомдон ашык зыян келтирилгени ачыкталган. Бул факты боюнча Ош облустук прокуратурасы  кылмыш ишин козгоду.

УКМКнын басма сөз кызматы билдирген маалыматка ылайык, Ош мэриясындагы жогорку кызматтагы адамдар жана муниципалдык менчикти ижарага бөлүштүрүү боюнча комиссиянын өкүлдөрү жеке ишкер менен имаратты 10 жылга ижарага берүү үчүн келишимин түзүшкөн. Ишкер айына 150 миң сом ижара акы төлөй турган болуп, бирок алгачкы 3 айдагы акыдан бошотулган. Бул келишим менен Ош шаардык кеңешинин токтому бузулган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4626 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо