Ош бийлиги мекемелер уурдаган тротуарларды кайтара алабы? Фоторепортаж

Ош шаарында тротуарлардын 10%га жакыны мамлекеттик мекемелер тарабынан уурдалып кеткен. Көпчүлүгү кеминде 10 жылдан бери жөө адамдарга калтырылган жолду ээлеп турат. 

Алдыда уурдалган тротуарлардын баары кайтарылат деп калаа жетекчилиги ишендирүүдө. Бирок жайланышып алган килтейген мекемелер тротуардын ээлеген ордун бошотуп береби деген чоң суроо турат.

Коомчулукта эртүүлүктү талап кылган ишти Ош мэриясы аткара алабы деген күмөн турса , «Т-Медиа» мамлекеттик мекемелердин ээлеп алган тротуарларды эске салат.

1.Уурдалган тротуарлардын баш сабында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имараты турат. 
Буга чейин бул имарат тротуардын жерин ээлеп алды деп соц тармактарга жарыяланып,
бирок мекеменин маалымат кызматы имарат мыйзамдуу жайгашканын билдирген.

2.Ош облустук соту да жөө адамдар өтчү жолду ээлеп алган. Мындай пикирлер соц тармактарга 
тараганы менен мекеме активисттердин пикирлерин тоготпой бир да жолу үн ката элек.

3.Ош мэриясынын маңдайындагы Кытай консулдугу да тротурады уурдап алган.
Бул имарат жеке тараптан узак мөөнөткө ижарага алганы айтылат. Консулдуктун тротуарды 
тосуп алганын Ошто активисттер, журналисттер тарабынан көп жолу айтылды. Бирок Ош мэриясы 
бир да жолу консулдуктун бул иши тууралуу оюн билдирбей келүүдө.

 

4. Тротуарга тороп алгандардын катарында ОшМУда бар. Окуу жайдын башкы корпусунун эки 
тарабында кыска көчө бар. Адистер көчөнүн окуу жай тарабында тротуар болушу керек дешет. 
Маалыматтарга караганда бул тротуар мурунку ректор Бектемир Мурзаибраимовдун учурунда 
тосулган. Андан бери 2 ректор алмашканы менен алар тосулган тротуарды кайтарбай келишет.





5.Ошол эле ОшМУнун башкы корпусунун жанында жайгашкан кыргыз-европа факультетинин имараты 
тротуарга чыгып курулуш курган. Окуу жай жетекчилиги бул курулуш жөө адамдарга тоскоолдугу
жок деп жооп кайтарган. Бирок курулуш эрежелерине ылайык тротурада бир да курулуш болбош керек.

 

6. Шаардын так ортосунда жайгашкан Станиславский көчөсүндө тротуар толугу менен жабылган. 
Мындагы көчөдө жайгашкан № 30-Айданек балдар бакчасы да тротуарды жаап койгон.

 

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1441 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо