Ошто жол акы автоматташтырылган системада төлөнөт

1-октябрдан тарта Ош шаарында коомдук транспорттордо жол акы автоматташтырылат. Азырынча жаңы система троллейбус жана автобустарда ишке ашмакчы. 

Ош мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, коомдук транспортторго борт жабдыктарын орнотуу жакынкы күндөрү башталат. Орнотулган борт тыйындарды жана  картаны гана кабыл алат.

Карта алчу жарандар Ош шаардык мэриясына жана муниципалдык авто унаа мекемесине кайрылат. Окуучулар, пенсионерлер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген атайын жеңилдиги бар. Картаны банк аркылуу же муниципалык мекемеден толуктап турса болот.

Автоматташтырылган системага өтүүгө жергиликтүү боюджеттен каржы бөлүнбөйт. Ал үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүу банкынан акча ажыратылган.

Ош шаарында 30 автобус жана 30 тролейбусс  эки багыт боюнча каттайт.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо