Кулчулуктун курмандыктары өз тагдырын айткандан уялышат

Ош шаарында “Адам сатуунун алдын алуу” темасында семинар өтүп жатат. Окутууга Кызыл-Кыя, Жалал-Абад жана Ош шаарларындагы аймактык кеңештин, айыл өкмөттөрдүн жана мэрия өкүлдөрү,  укук коргоо органдарынын ошондой эле миграция боюнча эксперттер чакырылган. 

Окутуу жөн гана презентация, видео мисалдар менен эле чектелбестен катышуучулар тарабынан кызуу талкууларды жаратты. Аймактык кеңеш өкүлдөрү “Эмне үчүн адам сатуунун курмандыктары тергөө органдарына же мамлекеттик органдарга кайрылышпайт”,-деген суроолорду көтөрүп жатышты.

Чакырылган эксперттер кулчулуктун курмандыктары тергөө органдарына кайрылбаганынын себеби алар биринчиден уялышат, экинчиден соттун акыйкат чечип берүүсүнө ишенишпейт деп жооп айтты.
Семинарда жалпысынан 100гө жакын катышуучу миграция, адам сатуу жаатында билимин өркүндөтүшүп сунуш пикирлерин билдиришти.

Мисалга, миграция кызматы кеп-кеңеш жана юридикалык жардам бере турган орган катары ачылса болмок деп сунуш беришти. Анткени бул кызматтагылар жөн гана статистикалык маалымат топтоо менен чектелген орган болуп калганы туура эмес деп түшүндүрүштү катышуучулар.

“Мигранттар көбүн эсе аймактык кеңеш, айыл өкмөттөргө качан гана кулчулукка кабылып же миграцияга кеткен тууганы дайынсыз болуп кеткенде кайрылышат, же болбосо  айрым бир справкаларды алуу үчүн барышат. Негизи чындыгында ар бир жаран өлкөдөн чыгып бара жатканда кайрылып, бараар жерин айтып кетсе кыйынчылыктар жаралмак эмес. Ошондой эле мамлекеттик органдар билиши керек кайсы жараныбыз кайсы жерде кандай тагдырда жүргөнүн. Бирок, бизде канча жараныбыз миграция экендиги тууралуу да маалыматыбыз жок. Так статистика жок, анткени стихиялуу түрдө миграция күч алган”,-дейт миграция боюнча эксперт Эсеналы Абдыкалыков.

Жалал-Абад шаарынын аймактык кенештеринин өкүлдөрү “мындай долбоор тагыраагы “Мигранттын мектеби” ар бир аймакта ачылсын” деп сунушташты. Анткени миграцияга кетип бара жаткан жарандар өз укуктарын билип анан кетишсе кулчулук, адам сатуу сыяктуу кооптуу жагдайларга туш болмок эмес .

“Мигранттын мектеби” долбоору үстүбүздөгү жылдын май айынан баштап иштей баштады, ошондон бери тажрыйбалуу психолог менен юрист өлкөдөн чыгууну каалаган жарандарыбызга кеңештерин берип жатышат. Долбоор башталгандан бери 300 дө ашык жаран кеңеш алышты”,-дейт «Благодать» коомдук фондунун жетекчиси Рахат Шакирова.

“Мигранттын мектеби” долбоору АКШнын кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланып «Благодать» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда. Семинарлар ушул долбоордун алкагында өтүүдө

Т-медиа
Автор Т-медиа 3490 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо