Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

13-сентябрда чыр чыккан кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Кырдаалды чек арачылар күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Мекеменин басма сөз кызматынын кабарлашынча, Баткен району менен Исфара районунун акимдери эл менен жолугушууларды өткөрүп, окуя катталган күнү эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ушул тапта эки өлкөнүн облус жетекчилери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Эскерте кетсек, кечээ Баткен районунун  Бакай айылынын тургундары менен Исфара районунун Тожикон айылынын жашоочулары ортосунда чыр чыккан. Буга такталбаган аймакка тажикстандыктардын суу түтүгүн өткөрүү аракети себеп болгон. Кыргызстандыктар жумуштарды токтотуу талабын коюп, эки тарап кайым айтыша кеткен.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо