Орусиядагы мигранттар азыраак акча которо баштады

Орусиядагы мигранттар Кыргызстанга жыл башынан бери  1 миллиард 653,3 миллион доллар которгон.  Экинчи кварталда 681 миллион доллар салышса, биринчи кварталда бир жарым эсе көп жөнөтүшкөн эле.

Көрсөткүч Орусиянын борбордук банкынын сайтында жазылат. Андагы маалыматка таяна турган болсок,  Орусиядан которулган акча боюнча Өзбекстан биринчи орунда турат. Коңшу өлкөнүн мигранттары экинчи жарым жылдыкта эле миллиарддан ашык доллар салышкан. Экинчи орунда 1 миллиард 653,3 миллион доллар менен турса, үчүнчүнү 72 миллион доллар менен Тажикстан ээлейт.

Расмий маалымат боюнча жылына Кыргызстанга эмгек мигранттары 2 миллиар доллардан ашык акча которот. Сырттан жөнөтүлгөн акчалардын көбү Орусиядан келет.

Бүгүнкү күндө Орусияда 600 миңден ашык кыргызстандык иштейт.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*