Ошто ири текстиль фабрика курула баштады. Фото

Ош шаарында 7 миң жумуш орундуу тигүү фабрикасынын курулушу башталды. Текстилдик ишкана Кең-Сай конушуна түшүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, фабрика “Кыргыз Текстиль ЛТД” ЖЧКсы тарабынан курулат. Долбоорду ашырууга Кең-Сай массивинен 25 гектар жер бөлүнүп берилген.

 

Курулуш иштери 3 этапка бөлүнүп жүргүзүлөт.  1-этабы 2019-жылдын аягында бүткөрүлүп, бир кеңсеси пайдаланууга берилет. Жаңыдан иштей баштаганда эле 1000 адамга жумуш берилет. Келечекте 7 миң жумуш оруну менен шаардыктарды камсыз кылат.

Учурда курулуучу объектин ордун жана жолдорду түздөө, суу, электр энергиясын тартуу иштери жүрүп жатат.  Учурда 50 жумушчу, 10дон ашуун техника иш алып барууда.

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо