
Бишкек шаардык соту Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок. Бүгүнкү отурумда Биринчи Май райондук соту чыгарган чечим күчүндө калды.
Эми айыпталуучу тарап Жогорку сотко арыз жолдойт. Муну экс-мэр Албек Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-августта Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу жөнүндө чечим чыгарган. Адвокаты Сергей Слесарев буга каршы шаардык сотко арызданган.
Албек Ибраимовго "Коррупция" беренеси боюнча иш козголуп, ушул жылдын 19-июлунан бери УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал "Дастан” ишканасын жетектеп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп шектелип жатат.
Пикир калтыруу